Датасы: 06.10.2020
Формат: mp3

Улуттай көчкөн бул заман
Бул заманда не жаман
Өздөн чыккан жат жаман
Өзөктү жеген дат жаман
Өкүмү күчтүү кас жаман
Өмүрдү жеген мас жаман
Арыктаган ат жаман
Айыкпаган дарт жаман
Берекесиз аз жаман
Көлөкөсүз бак жаман
Тилсиз келген жоо жаман
Түбү бүтпөс доо жаман
Эздебеген ээ жаман
Иштебеген мээ жаман
Пайдасы жок бар жаман
Айласы жок зар жаман
Кенен туруп тар жаман
Керсеңдеген хан жаман
Теңтуш болуп балдарга
Темтеңдеген чал жаман
Напсисине багынган
Намыс жаман ар жаман
Инсандарга жеткирбес
Илимдүү жүргөн жан жаман
Жетимге тонун кийгизбей
Жетиги толук бай жаман
Капчыгын кагаар бай жаман
Карыга тойбос сук жаман
Энесин чапкан ит жаман
Энесин саткан кыз жаман
Далыдан өткөн көз жаман
Дартыңды козгоор өз жаман
Кең дүйнөсү тарылып
Кечиримсиз өч жаман
Жүрөгүңдү куйкалап
Жүлүнгө жеткен сөз жаман
Уурусун кармап турсаң да
Уялбаган бет жаман
Убарага көндүрүп
Убадачыл бек жаман
Акылдуу боло калам деп
Айыпка калган кез жаман
Кылымдар бою унутпай
Кылычын сунаар кек жаман
Тузака түшкөн дил жаман
Ушакка бүткөн тил жаман
Айбандын жолун көргөзүп
Азгырык шайтан жин жаман
Алганды гана үйрөнүп
Алкымы бузук эр жаман
Үйдө баатыр жоодо жок
Үрсөңдөгөн шер жаман
Ыйманынан ажырап
Ынтымаксыз эл жаман
Ырсаңдап кудай сөзүнө
Ыймансыз өткөн эң жаман
Кара түндү жамынып
Капыстан тийген ок жаман
Алкымына жамынып
Адилетсиз сот жаман
Кыйынчылык кимде жок
Кысталышта жок жаман
Мунсуз дүйнө кызыксыз
Муунга салаар көк жаман
Санаалаш жүрүп баарынан
Сатып кеткен дос жаман

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *