Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Жүрөк толкуп ашыга,
Гүлдөй жайнап ачыла.
Сезимдерди арнадым,
Жаным, сенин гана атыңа.
Көрбөй калсам сагынам,
Көздөрүңө жалынам.
Асылкечим, ардагым,
Сени жакшы көрөм баарынан.
Кайырма:
Жүрөгүм сен деди, өзүңдү эңседи,
Жалгызым болдуң сен эми.
Сүйүүнүн бешигин өзүң деп термедим,
Жаз болуп мага кел дедим.
Кубанам бактыма, жанымда барыңа,
Ак сүйүү толкуп канымда.
Сүйөмүн бир сени мен, жаным,
Мени таштаба.
Жок нерсемди бар кылган,
Сүйүү отун жандырган,
Жалгыз гана бир өзүң.
Жаным, махабатка мас кылган,
Жарыктай жалжылдаган.
Сен барда чексиз аалам,
Зор бакыт тартуулаган,
Сүйүүгө кылбайм мен арман.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *