Датасы: 07.10.2020
Формат: mp3

Жазда жашоо таза кызык,
Жамгыр жыттуу көчөлөр.
Жаштар барат жасанышып,
Бир кылчайып өтө көр.
Кайырма:
Билинбей жүрөккө,
Бир эле мүнөттө.
Жаш сүйүү гүл ачат,өрүктөй!
Шай, шай, шай, шай, шай көйнөкчөн,
Гүл, гүл, гүл, гүл, гүл жолукчан.
Сулуулардын карашы,
Жүрөгүмдүн дабасы,
Жаштыгымдын аздыгы ай,өткүндөй.
Көктөм жашыл жагоолонуп,
Жердин жибип тамыры,
Жоогазындай алоолонуп,
Каптайт сүйүү жаланы.
Кайырма:
О сулуулар, периштелер,
Жамгыр белем күлкүӊөр.
Жетип, үзөр келишкендер,
Кыраңдагы гүлсүӊөр.
Кайырма:
Жаз жамгырын таккым келет,
Мончок кылып мойнума,
Сени тапкан бактым себеп,
Канбайм жаздын оюнуна.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *