Көрктөнүп чакан аймагы,
Талаасы кийген сайманы
Токчулук жыттуу айлымдын,
Түгөнгүс эмгек каймагы.
Жароокер тоолук курбумдун,
Жолунан тостум жайдары.
Курбуга курбу кымбат да,
Кубаныч кошуп сырдашса.
Сыр түйүнүн чечип отуруп,
Сезбеппиз эбак күн батса,
Жыргалы белем сезимге,
Жылдыздар көзүн ымдашса.
Түбөлүк кеткис эсимен,
Түнт бактуу кыштак четинен.
Жаңыдан чыккан ай нуру,
Шыкаалайт бизди секиден.
Аңдыса деле алтын ай.
Антыбыз эбак бекиген.
Гүлзат Байзакова — Кыштак четинде тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 3321
Алакөз па атомын дипломат шалмасын ызыңдап ғарыштың ширығып кв Ферғана Гарри ВУЗах шындап таза