Датасы: 08.10.2020
Формат: mp3

Келишкен сулуу Тумаржан,
Кетемби чыкпай кумардан.
Өзөндөн аккан суу болсоң,
Өмүрдүн гүлүн сугарган.

Толукшуп сулуу Тумаржан,
Томсором чыкпай кумардан.
Ташкындап аккан суу болсоң,
Таалайдын гүлүн сугарган.

Жалжылдап көзүң Тумаржан,
Жабыркайм чыкпай кумардан.
Жамгырдын суусу болсоңчу,
Жаштыктын гүлүн сугарган.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *