Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Жүзүмдү салкын жер аймалап,
Жүрөктө ызалык айланат.
Аттиң ай кайрылып келсечи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жаныңда жүрсөм дейм каткырып.
Кечеки кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсийт бурганак сапырып.
Чолпондой алоолоп үмүтүм,
Чогундай кызарат күйүтүм.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың жылдыздуу айлуу түн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *