Бирде тагдыр сынап
Жүрөктү жаралайт
Мен сүйгөн көздөрүңө
Жаным жашарат

Эртең тагдыр кыйнайт
Үмүттү калкалайт
Алтыным менин перишим
Сага күч кубат

Ашыгым жаныңда болоюн
Мен ар дайым
Болгон сезимдеримди
Сага арнайын

Ортобузда бар
Оттой жанып махабат
Күн канчалык батса дагы
Кайра таң атат

Кайырма:
Жүрөгүң аманат
Сүйөмүн абайлап
Кайда барсаң да
Караныңа
Жаным айланат

Алтынымсың
Жарык бергең карангыда
Мага күндүн нурусуң

Кээде көңүл каптайт
Кээде жаным чарчайт
Бир сенин жылмаюң гана
Жылуулук тартулайт

Кээде жамгыр төгөт
Кээде көңүл чөгөт
Сенин көз карашың гана
Кубанычка бөлөт

Кайырма:
Жүрөгүң аманат
Сүйөмүн абайлап
Кайда барсаң да
Караныңа
Жаным айланат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *