Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Айылымдын аязында, аптабында,
Ал тургай топурак, чаң, баткагында,
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен, балким, байкабагам жаш чагымда.
Атама, апама окшош айылымсың,
Ааламда, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыста тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылар байырымсың.
Адаммын, айылымдын жарчысымын
Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын.

Один комментарий к “Канымжан Жаманбаева — Айылым тексти”

  1. Бир укканда журогум тыз деп кетти.
    Мекенден алыста жургондо гана айылындын, туулган-жер, атаке-апекендин канчалык кымбат экенин жон терин менен, журок, кан-тамырын менен сезет экенсин.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *