Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына
Кетесиңби сулуу кыз мени менен
Күлүк минип барабыз гүл тергени
Бубактардын күлкүсүн үйрөнгөнү.
Терең ойдун маңызын берип турат
Тоолуктардын жөнөкөй сүйлөмдөрү.
Жүрөктөрдө жаштыктын оту барда
Дал өзүнө укмуштун жолугабыз
Чыгып барып эң бийип чокуларга
Жылдыздарга зымырап бой урабыз.
Микробу жок тоолордун абасы да
Чындык жашайт наристе өңү менен
Бийик мөңгү арчалар арасына,
Кетесиңби сулуу кыз мени менен.

Абдыманап Төрөбеков — Кетесиңби сулуу кыз мени менен тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *