Айрылбай дайым бир болом дегем,
Алдатпай ак сүйүүм арнап келгем.
Түшүнбөйм, эмне үчүн адашып кеттиң?
Алыстап менден…
Унутпайм, жаным, күтөмүн деген сөзүңдү эстейм.
Кайырма:
Сагынба, сагынба, санаага алдырба,
Кайрыла албаймын, жалдырап жалынба.
Жамгырга айтып берген сырларым,
Сүйүүнүн калды бекен убалы?
Чыдабай айттырган саламымды, Салкын жел менен…
Эркелеп жамгыр келип сүйгөндүр чачыңдан сылай.
Кайырма:
Сагынба, сагынба, санаага алдырба,
Кайрыла албаймын, жалдырап жалынба.
Ильяз Абдыразаков — Сагынба тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 832