Кандай жакшы ак сүйүүнүн бардыгы,
Кара түндү жарган сымал таң нуру.
Майрам күндөй маанайың шат жүрөрсүң,
Махабаттын толуп турса сандыгы.
Кайырма:
Келгиле, ак сүйүүнү аздектейли, сыйлайлы,
Махабаттын аруу ырын ырдайлы.
Бул өмүрдө болбосун деп муң-кайгы,
Шаңданалы ырдап, күлүп жыргайлы.
Жан дүйнөңдү аруу сезим уялап,
Жаман ойду жардан алыс кубалап.
Ак тилегин арнап турса жакының,
Арзуу гүлү көркүн ачып буралат.
Кайырма:
Айнура Салахидинова — Ак сүйүүнү сыйлайлы тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 263