Керме-Тоо этегинде бир калаа бар,
Ал шаарды көрктөндүрөт бак-дарактар.
Суктанып аваз кылып жамалыңа,
Дайыма ыр ырдайбыз, ыр ырдайбыз, дайыма биз, таланттар.
Илгертен жол арытып кербен келген,
Байыркы Улуу Жибек Жолу менен.
Сулайман, Ак-Буураны жердеп элим,
Карытып кылымдарды, кылымдарды карытып жашап келген.
Ошум — ордо калаам байыркы
Ошум — жаштар шаары азыркы
Ошум, Ошум суктанган дүйнө элдери
Ошум — көп улуттар мекени
Ошум…
Ошумдан далай өнөр ээси чыккан,
Калкы бар ынтымактуу ар улуттан.
Элимдин пейли кенен, эмгеги зор,
Салт кылып улуулардын, салт катар акылмандын кебин уккан.
Ошум — ордо калаам байыркы,
Ошум — жаштар шаары азыркы.
Ошум, Ошум суктанган дүйнө элдери
Ошум — көп улуттар мекени
Ошум…
Акмаанай Эшбаева — Ош шаарым тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 1491