Коштоштук жүрөк ооруп,
Көздөн жаш тоголонуп.
Карадым карааныңды,
Калгыча чекит болуп.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Кайрадан топтоп эркти,
Кайрадан тиктейм чекти.
Коштошуу ошондогу,
Кайратым алып кетти.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Жалындап козгоп мууңду,
Жаңырып кулак тунду.
Жаңыдан коштошконго,
Жүрөгүм сыздап турду.
Тутана кейип кеттим,
Талыкшып, ой терметтим.
Тиктөөдөн пайда жоктон,
Термеле басып кеттим.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Дилбар Райымбекова — Коштоштук жүрөк ооруп тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 400