Датасы: 13.10.2020
Формат: mp3

Мен улутунам, «апа» деген сөз уксам,
Себеби мен андай сөздү унуткам.
Жер кучактап ыйлап жатып ойлоймун,
Же айтсачы кетер күнүн, аттиң, ай, мурунтан.
Таш боор белең, жаратылыш, ушунча?
Эне кетти кош айта албай уулуна.
Ар убакта эңсейм, апа, өзүңдү,
Жүрөк сыздайт сылык сөздүн, аттиң, ай, уусуна.
Небереңдин тили чыккан чулдурап,
«Чоң энемди таап бер» дейт ургулап.
Каңырыгым түтөп кетет ошондо,
Жүрөгүмдү жаткан өңдүү, аттиң, ай, ургулап.
Апакем, апакем,
Ыйлап, ыйлап жоктоймун,
Апакем…

Один комментарий к “Алтынай Нарбаева — Апакем тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *