Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу, жашыл төр кайда?
Убакыт өтпөй табышмак,
Уктабайм түндө далайга
Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомокто жашап калганбыз.
Кайырма
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма
Мага абдан жакты
Абдан жакшы экен жакты
Жакты мыкты экен ыр сонун
Жакты
Сонун ыр экен мага жакты
Жакты өтө жакшы ыр экен ката жок
Сонун ыр
Жакшы
Жаманннн сн экен