Датасы: 15.10.2020
Формат: mp3

Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең?..
Кайырма:
Асыл энем, таалайым — сенсиң энем,
Жыргалым — сен, бакытым — сен,
Сүйүктүү менин энем.
Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.
Кайырма:
Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүңдүн карегиндей көп аяган,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?
Кайырма:

Керим Турапов — Эне жөнүндө баллада тексти: 15 комментарий

  1. Эмнедеген комментарии мунун баары тура эмес катаңар ушул Асыл энемдеген ырды Болот Минжилкиев ырдаган сабак отобу деги силерге эжейлер

  2. Эрмек Мойдунов бул ырды тик чокусуна жеткирип ырдачуу,ырга да чыкканына 50-60 жылдан агып калды.

  3. Эрмек Мойдунов бул ырды тик чокусуна жеткирип ырдачуу,ырга да чыкканына 50-60 жылдан агып калды.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *