Шумкардай булут жиреп,
Жарышып мезгил менен.
Ак бата сурап алып,
Алыска жөнөдүң сен.
Сыймыгың энең, атаң,
Санааркап оорубастан.
Сапардан келгениңде,
Сүйүнүп тосуп алса.
Кайырма:
Айылдан кеткениңде жетем деп тилегиңе,
Зарыгып сени күткөн ата-эне.
Капырай келет эле, кечикти балам неге?
Алдыңа кетсем деген ата-эне.
Тулпардай шамал жиреп,
Талпынып из келгенде.
Турмушта ордуңду издеп,
Тууруңдан учарда сен.
Табылса издегениң,
Тез эле келем дедиң.
Катташып турсак ошол,
Бактысы ата-энеңдин.
Кайырма:
Абаз Муратов — Ата-эне тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 284