Датасы: 15.10.2020
Формат: mp3

Сүйчү элем сени жаным жаңылбай,
Сүйчү элем тоскоолдукка багынбай.
Акыр бир күн айрып салдың сүйүүмдөн,
Көздөн жашым агат дайым тамчылай.
Кайырма:
Сенин ордуңа ошол адам жашайбы?
Сени эмес, мени азапка салбайбы?
Сүйүшкөндөр айрылбастан түбөлүк,
Бирге болуп бул жашоодо калбайбы?
Үзүлбөгөн үмүтүмдү камчылап,
Көздөн жашым ак баракка тамчылап.
Ырларымды бир өзүңө жазам деп,
Азап тартып ыйлайм, жаным, канча убак?
Кайырма:
Сенин ордуңа ошол адам жашайбы?
Сени эмес, мени азапка салбайбы?
Сүйүшкөндөр айрылбастан түбөлүк,
Бирге болуп бул жашоодо калбайбы?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *