Жете албай турмуш жолуна,
Камалып сүйүү торуна.
Кайрылбай кеттиң ал менен,
Бир түшүп турмуш жолуна.
Ар түркүн түшүп оюма,
Арманым батпай койнума.
Алсырап азыр турамын,
Калемим кармап колума.
Кайырма:
Мейли кайрылба, мейли сагынба,
Бактылуу болгун мындан ары да.
Мейли кайрылба, мейли сагынба,
Бактылуу болгун мындан ары да.
Кадырын билбей сүйүүнүн,
Бакыттын доорун сүргүнүң.
Түбөлүк эмес, жалганда,
Бирөөнү тандап сүйгүнүң.
Чече албай кимди сүйөрүң,
Иче албай сүйүү мүрөгүн.
Өзүңдү, жаным, кыйнаба,
Уккунуң тындап жүрөгүң.
Кайырма:
Бактыңа жет, айрылуу жок жол менен,
Махабатка жете албайсың ой менен.
Өзүңдү-өзүң кыйнабагын эми сен,
Бактылуу болгун, жан эркем.
Кайырма:
Оба
Мага аябай жагат ушул ыр кылдаанып ешитем тынчтыкбектин ырлары соонун
Мага аябай жагат
Мага аябай жагат
Мага аябай жакты
Мен учун чыкканго бул ыр
Мага жагат ушул ыр
Жагымдуу жана кайгылуу кездерди эске салат го…