Бүркөлүп кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун гүлүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан.
Сен анда тоонун күмүш булагы элең
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.
Жок жерден күлкү таап, күлчү белең,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айландыго күн себелеп
Ал кездер сагынычка саргайды тең
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.
Кубик Калыков — Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 462