Жайнап турган жүзүңдү кызыл тору,
Жакшы көрүп калдымбы ушул жолу.
Сен тарапка созулуп бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Жылт деп учкан жылдыздай көз ирмемде,
Жылмайганың калыптыр сезимдерде.
Жоболоңдуу көңүлүм сендик болуп,
Жок дегенди унуттум өзүм неге.
Ууртуңдун бир жолу жылмайганы,
Унутулбай ушинтип ырга айланды.
Күлгөнүңдөн жаз келип күтүлбөгөн,
Гүлгө оронду көңүлдүн жылгалары.
Гүлгө оронду сезимдин жылгалары.
Арбап турса жамалың кызыл тору,
Ашыгымды таптымбы ушул жолу.
Алып-учуп сен жакка бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Түгөнбөгөн үмүттүн узун жолу.
Кундуз Таштаналиева — Күтүлбөгөн жаз тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 1411