Кундуз Таштаналиева — Күтүлбөгөн жаз тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жайнап турган жүзүңдү кызыл тору,
Жакшы көрүп калдымбы ушул жолу.
Сен тарапка созулуп бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Жылт деп учкан жылдыздай көз ирмемде,
Жылмайганың калыптыр сезимдерде.
Жоболоңдуу көңүлүм сендик болуп,
Жок дегенди унуттум өзүм неге.
Ууртуңдун бир жолу жылмайганы,
Унутулбай ушинтип ырга айланды.
Күлгөнүңдөн жаз келип күтүлбөгөн,
Гүлгө оронду көңүлдүн жылгалары.
Гүлгө оронду сезимдин жылгалары.
Арбап турса жамалың кызыл тору,
Ашыгымды таптымбы ушул жолу.
Алып-учуп сен жакка бараткансыйт,
Чубалжыган үмүттүн узун жолу.
Үзүлбөгөн үмүттүн узун жолу.
Түгөнбөгөн үмүттүн узун жолу.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1521
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3979
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти346
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти193
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти139
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти123
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти97
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти96
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти90

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.