Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Мен булут болуп асман жүзүнөн,
Мен тамчылардай көктөн үзүлгөн.
Жамгыр болуп сага, себелеген майда,
Жазың болом көңүл сергиткен.
Сыяланган сапта сызып жазган кайра,
Ырың болом жүрөк эргиткен.
Кайырма:
Сен деп жашайм,
Элестетип сени гана.
Сенсиң дүйнө,
Бир мага.
Сен жыпарыңды чачып гүлзардан,
Сен кулпурсаң жүзүңө суктанам.
Гүлүң ачсаң мага, мээрим төгүп таңда,
Күнүң болом сага нурданган.
Сыяланган сапта сызып жазган кайра,
Ырың болом сүйүү арнаган.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *