Айылдан мен көңүлдүү келсем,
Муздак бир кабар угуздуң неге?
Жактырган жаным көз жумуп кетти,
Ач ажал, неге таш боорсуң неге,
Сен таш боорсуң неге?
Кайырма
Сүйгөнүм менин, кайдасың эми?
Жалгыздык чөлгө таштадың мени.
Кантемин мен, кантем, кантемин?
Муздак бир жерден келбейсиң эми
Сен келбейсиң эми.
Жүзүңдөн сенин көрөмүн мен деп,
Ашыгып келдим жүрөгүм дегдеп.
Айтылбай сырлар калды го ичте,
Жүрөгүм менин ыйлайт го сен деп,
Сыздайт го сен деп.
Аида Кулуева — Кош бол тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 458