Кыялда кылымдап издегем,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук, сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес, түз белем?
Чын эле мен сени таптымбы?
Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачымды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң от чачса,
Күлкүңдү кайра эле самаймын.
Чын эле мен сени таптымбы?
Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы, жыргалым,
Жылдыздай жайнатып бактымды.
Чын эле мен сени таптымбы?
Бегимай Эсенгулова — Чын эле мен сени таптымбы? тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 661