Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.

Асманга учсаң мен да күтөм жолуңду,
Ак маңдайым, кармасам дейм колуңду.
Эч болбосо сен конуучу токойго,
Жаным, секет, жая албадым торумду.

«Күйсөң күй» деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча неге түлкү куумай ойноттуң,
Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?

Күндүз жоксуң мен беймаза, убара
Курсун жаным убарамды сураба
Эми качан сүйдүрөт жүрөктү
Өлгөнчө жан бирге деген убада.

Один комментарий к “Лира Райымбекова — Ак кептерим тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *