Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.

Кайырма:

Сезбеди сагынганым сенин жаның,
Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
Жутпадым сен жыттанган,
Жутпадым сен жыттанган,
Сүйүү балын.

Айта албай убакыттын эрте-кечин,
Сыялап сырлар жазат кагаз бетин.
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
Калтырып махабаттын ыр-кесесин.

Кайырма:

Конбодуң чынарымдын бутагына,
Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.

Нурлан Насип — Сүйүү балы тексти: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *