Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Рыспай Абдыкадыров — Суранам: 2 комментарий

  1. Рыспай агайдын Суранам деген ыр обону аябай жакшы жакты Суранам текстин созун жазып коюунузду суранабыз.

  2. Гүлүм гүлүм күмүштөйүм айдайым,
    Алтыным деп айткым келет ар дайым.
    Бирок сенде бир башкача жыргал бар,
    Билбейм мага деним заттын кандайын.

    Басып чыкпас ошол сенин жыргалың,
    Бажырайып гүлүң сүрөп тургамын.
    Ошол сенин жыргалыңа жетүүгө,
    Оо кара көз кандай айла кыламын.

    Билбейм сенин кандай ойдо экениң,
    Бирок сени жакынымдай сеземин.
    Эртели кеч элесиңе эркелеп,
    Өзүнчө эле жыргап жүргөн кезегиң.

    Күнбү түнбү айтоор сенсиң убарам,
    Күлүп койсоң ушунчалык кубанам.
    Сезип жүрсөң ушул менин абалым,
    Сездирип кой сен да оюңду суранам.
    Сезип жүрсөң ушул менин абалым,
    Сездирип кой сен да оюңду суранам.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *