Карыган карга өз балапанына акыл айтып атты:

– Уулум, адамдардан этиет болгун. Алар коркунучтуу.

– А адам деген ким өзү?

– Анын тоголок башын кыл баскан, канаттын ордунда арбайган эки колу бар, буттары айры. Ал абдан куу. Эгер адам эңкейсе, демек ал жерден таш алып сени чабат. Мындайда ойлонуп турбай уча качып кутул.

– Ата, адам ташты чөнтөгүнө же коюнуна катып алышы мүмкүн. Анын куулуктарын билип болбойт. Ошон үчүн аны көргөндө эле уча качыш керек. Андан жамандыктан башканы күтүп болбойт.

– Уулум,- деди картаң карга.- Сен үчүн коркпой эле коюшум керек болуп калыптыр. Сен менден дагы сак экенсиң. Ошон үчүн каалаган жагыңа уча бер. Менин сага үйрөтө турган деле акылым калбаптыр, — деген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы56
Акылдуу кыз жомок53
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи23
Акылдуу балдар21
Бакыт-таалай каякта?19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *