Керемет жигитсиң бүлөлүсүң
Билесиң ошого күнөөлүсүң
Болбой эле кыздарга сөз айтасың
Сен кандай асылдын түйгөйүсүң
Мен сага жубай болсом
Караның кызганмакмын
Башкалар бүр болсо
Көктөгү гүл болсо
Мен кызыл кызгалдакмын
Сымбаттуу жигитсиң айыбың чын
Бирөөнүн бактылуу жубайысың
Кыздарга барсаң да сага ишенген
Керемет жан окшойт зайыбың тың
Мен сени сүйгөн болсом
Өзгөдөн кызганмакмын
Башкалар бүр болсо
Көктөгү гүл болсо
Мен кызыл кызгалдакмын