Элесиңди карап турсам сүрөттөн,
Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн.
Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу,
Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн?
Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай ,
Жүзүң жарык, жанып турган чырактай.
Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан,
Эзелтеден бирге жүргөн ынактай.
Сансыз жылдыз бизди гана карашып,
Сени менден, мени сенден талашып.
Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным,
Кеткичекти аппак болуп таң атып.
Райкан Абдувалиева — Эсиңдеби? тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 206