Неге балдар сага көп карайт?
Сөз айтышып жымың күлүшөт.
Бири шайыр, бири уялат,
Балким, баары сени сүйүшөт.
Кайырма:
Шок балдардан сени кызганам,
От койгондой жүрөк жалындап.
Шек билгизбей мага азыртан
Койгон болбо өзүң көз ымдап?
Кечелерден улам ыр сунам,
Көздөрүңдөн нуруң чачырап.
Башка кыздар такыр жок сымал,
Неге улам бийге чакырат?
Кайырма:
Неге балдар сага көп карайт?
Сөз айтышып жымың күлүшөт.
Бири шайыр, бири уялат,
Балким, баары сени сүйүшөт.
Кайырма:
Сапар Сопубеков — Шок балдар тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 1078