Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Мен сенден, мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм аруулаган, аруулаган.
Жалындап, жалындап нурга бөлөп,
Балбылдап күйүп-жанган, күйүп-жанган.
Кайырма:
Мен сенден сүйүү күтөм,
Таңдагы шүүдүрүмдөй.
Көңүлдү көкөлөткөн,
Жылдыздын үзүгүндөй.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Акындын жакшы ырындай.
Сүйүү деп зар какшаткан,
Жүрөктүн бар сырындай.
Мен сенден, мен сенден сүйүү күтөм,
Күн сымал жаркыраган, жаркыраган.
Мээримдүү көз карашың, мээримдүү,
Заматта тартып алган, тартып алган.
Кайырма:
Мен сенден сүйүү күтөм,
Таңдагы шүүдүрүмдөй.
Көңүлдү көкөлөткөн,
Жылдыздын үзүгүндөй.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Акындын жакшы ырындай.
Сүйүү деп зар какшаткан,
Жүрөктүн бар сырындай.
Мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм аруулаган.
Жалындап нурга бөлөп,
Балбылдап күйүп-жанган.
Мен сенден, мен сенден сүйүү күтөм,
Жан дүйнөм аруулаган.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *