Негедир бардыгын жеңсем да,
Эмнеге эңсөөмдү жеңбеймин?
Мелтиреп, үн-сөзсүз, муңайым,
Мен сенсиз какшыган чөлдөймүн.
Өзүңдү эч кимге бербеймин,
Өмүрдө болбостур арманым.
Эңсетип кабылган бактым сен,
Эркетай, асылым, ардагым.
Кайырма:
Бактыма нур чачкан жарыгым,
Башканы мынча не көрбөймүн?
Мейли ким, кандай деп айтса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Жаралып кайрадан өмүргө,
Жашоого экинчи келбеймин.
Андыктан дүйнөдө, асылым,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Негедир бардыгын жеңсем да,
Сүйүүнү эмнеге жеңбеймин?
Сезимим делбиреп, табышмак,
Сен деймин, сен деймин, сен деймин.
Карындаш, кара көз жалжалым,
Капилет карегим арбадың.
Көргөндөй болдуңбу сен дагы,
Көзүмдө сүйүүнүн жанганын.
Кайырма:
Негедир бардыгын жеңсем да,
Тагдырды мен эмне жеңбеймин?
Ал тагдыр сен болдуң жолугуп,
Артка эми кайт десең, көнбөймүн.
Мага да Теңирим буюрган,
Махабат конушун жердеймин.
Мээлеген мергенчи турса да,
Мен сени эч кимге бербеймин.
Кайырма:
Сыймык Бейшекеев — Мен сени эч кимге бербеймин! тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 11568