Унута албай, бир көргөндө,
Ашык болдум өзүңө.
Үмүт үзбөй, келем издеп,
Көрүнөт деп көзүмө.
Кайырма:
Арзуунун таппай айласын,
Тартамын күйүт азабын.
Ошондо бир сөз айта албай,
Калганым арманым.
Сөздөн калып, суктанганмын,
Муңга батып калганмын.
Отко күйүп, куйкаландым,
Алым кетип, дарманым.
Кайырма:
Сенден калган ошол элес,
Карегимде сакталды.
Өтсө мезгил, эсте калат,
Сүйүү оту жанганы.
Кайырма:
Бактыгүл Бадыева — Унуталбайм тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 435