Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Ичирдим, кийинттим кастарлап,
Үйрөттүм, чоңойттум кас-кастап.
Үйлөдүм, үй бөлдүм, эми уулум,
Бизди кой, өзүңдү өзүң бак.
Жашыңдан сүйүүгө берилбе,
Көйрөңдөй, көңдөйдөй сезилбе.
Дүнүйөң жок болсо, жок болсун,
Уятың бар болсун бетиңде.
Басарсың тоолордо, түздөрдө,
Бактылуу боло көр чоң жолдо.
Атанын, эненин кадырын,
Билерсиң балалуу болгондо.

Один комментарий к “Жеңишбек Айтиев — Ата сөзү тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *