Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жүрөгүңдө сыр бардай,
Жүзүң неге албырат.
Көп карасаң жаш селки,
Көз отуңду талдырат.
Кайырма:
Көңүл бөлүп караба,
Көп анчалык кадала.
Көңүл отун козгоду,
Көз карашың садага.
Сүйсөң тандап бирди сүй.
Жылдар өтсүн арада.
Жүдөтпөсүн бул сөзүң
Жүрөгүмдү садага.
Сүйсөң сүйүү чырагын
Жүрөгүңдө жандырат
Адаштырат кээ бирде
Сүйүү жолдон тандырат.
Кайырма:
Кайраттансаң сүйүүнүн,
Келечегин чектегин.
Каны таза жүрөктү
Канжар менен чекпегин,
Жабыры көп махабат,
Жеңил ойлоп чечпегин
Жуудуруп көз жаш менен
Жүрөк сырын эзбегин.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *