Мен сени түшүмдө көрдүм эле,
Жалт карап жанымдан өттүң эле.
Жаркылдап жүрчү деп кабак түйбөй,
Чачымдан аярлап өптүң эле.
Кайырма:
Санаага сайылган жебем менин,
Саргайбас кызыл гүл берем дедиң.
Түндөрүң ай чыкпай өтүп жатса,
Ай кармап бир күнү келем дедиң.
Сен мени эч кимге кыйбас элең,
Көңүлгө көрөгөч, кылдат элең.
Сезимди сестейтип сел каптаса,
Сен мени калкалап турар элең.
Кайырма:
Көзүмдөн айланган жебем менин,
Көөнөрбөс кызыл гүл берем дедиң.
Күндөрүм күн чыкпай өтүп жатса,
Күн кармап бир күнү келем дедиң.
Элмира Кайып кызы — Кыялдагы мырзага тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 401