Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт,
Чындыгын ырастап ий бул жомоктун,
Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт.
Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай…
Казактын кең Дархан талаасында,
Ээн талаа эрме чөлдүн арасында.
Желмаян төөгө миниип бир байбиче,
Желдирип келе жатты шашке маалда.
Ким дейсиң, бул байбиче Найман апа,
Азыр ал тагдырына абдан капа.
Жалгызын жоготконго ичи ачышып,
Жалдырап көзүн салат эки жакка.
Бечара улутунуп ыйлап, ыйлап,
Бел тутуп өткөн күндү эске салат.
Жалгызын кандай кылып чоңойтту эле,
Жалгызы боор көтөрүп чоңойгондо,
Жаа тартып, кылыч шилтеп торолгондо,
Жарады эл ишине, ар намыска,
Жаш-кары баары көрдү жоо чабышта.
Айлардан ай алмашып айдан жылга,
Айланып убакыт да алга жыла.
Бактылуу асыл күндөр өтө берди,
Баа жетпес алмаштырбас алтын га да.
Жараткан оо Кудай ай, атаганат.
Капыстан чуулгандуу кептер тарап,
Кыргызым дүрбөлөңгө түшүп замат.
Тургула! Тургун элим жоо келди! деп,
Угулду үндөр улам жаңырыктап.
Аттанып кыргыз элим жоого каршы,
Алдыда уулу барат колдун башы.
Бечара Найман эне калып калды,
Уулуна берем деген бышпай ашы.
Оо, Кудай ай жок дегенде,
Өз колуман акыркы даам берсем не?
Токто, кагылайын кайрылчы артка,
Деп зар какшап калып калды Найман эне
Күндөрдөн күн алмашып өтүп жатты,
Күндөрүн үзбөй эне күтүп атты.
Жүрөгү бир жамандык билдиргендей,
Түшүнө алда нелер кирип атты.
Тигине, келатышат түрлөрү бар чаалыккандай,
Тилеги уулун көрсө сүйүнүчтөн маңдайы жарылчудай.
Эмнегедир көрүнбөйт го уул элеси,
Курган жүрөк бир башкача туйлайт да,
Бул эмнеси?
Байбиче деп,
Кеп баштады уруу башы,
Бардаш кыл эсиңди жый садагасы.
Барымтага түшүп кетип жалгыз уулуң,
Байкабадык биз аны кара басып.
Жок, жок, жок!
Чучуктай чаңырды эми байкуш эне,
Жоламан сени ушинтсин дедим беле?!
Кайгырып, боздоп ыйлап, зар какшаса,
Кара жердигинен түткөн белем.
Энеге эми баары бирдей болду,
Эңсеп күтөт уулунун келчү жолун.
Жылдар өттү баары бир эне күтөт,
Жылдызы келчүдөй бир сунуп колун.
Бир күнү түшкө маалы үй жанынан,
Биригип кербен өтүп бара жатты,
Байбиче кербендерге кымыз сунуп,
Ак бата, ак тилегиңер уулума деп,
Бечара Найман кемпир тилек кылды.
Аңгыча кербен башы сөз баштады,
А, байкуш эне ага кулак түрдү.
Келатып эрме чөлдүн арасынан,
Кер мурут жигит көрдүм төө кайтарган.
Сезбестен чөлдүн аптап ысыктыгын,
Сенделип басып жүрөт төө артынан.
Сүйлөсөң жооп бербей башын катат,
Сүрдөнүп киши көрсө ары басат.
Уулум, бери келгин жакын десем,
Умтулуп маңкурт сымал бизден качат.
Сезди эне ал Жоламан уулу экенин,
Уулумду издөөчү мен бекемин.
Шерт байлап мына ушинтип чыкты жолго,
Төө минип, камчыланып оңго-солго.
Аптадан өтүп калды чыкканына,
А, Кудай жеткире көр максатыма.
Алыстан калың төөнүн үйүрүн көрүп,
Ашыкты ылдамдатып камчылана.
Жел жетпейт желгенине желмаяндын,
Бат эле кирип барды төөгө жакын.
Төөчүнү көрөр замат дароо таанып,
Кыйкырды Жоламан! деп үнүн баарын.
Кыйкырык үндү угуп жалт карады,
Көздөрү эне көзүн бир арбады.
Буулугуп эне турду уулун тиктеп,
Бурулуп уулу кетти мал сыңары.
Кулунум деп учуп түштү желмаяндан,
Кургурум тааныйсыңбы бул мен апаң.
Эстечи атыңды айтчы, атыңды айтчы,
Эрмегим билесиңби ким сенин атаң?
Уулу дал болгондой башын чайкап,
Долдурап үн чыгарып маңкурт деди.
Ушул сөз кулагы угуп байкуш эне,
Уугуп сүйлөй албай ыйлай берди.
Жок, кулунум сенин атың маңкурт эмес,
Жоламан сенин атың кургурум ай.
Атаңдын атын унутупсуң аның кандай?
Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай.
Оо, таш боор адам,
Качанкыга бир-бириңди кордойсуңар?
Эмне үчүн оо, катыгүн,
Адам деген атка татык болбойсуңар?
Деп зар какшап ыйлап жатты Найман эне,
Аңгыча көрүп калды не бир караан.
Көрө сала сурады уулунан ал,
Келе жаткан кимдер болот эки адам?
Кожоюн деди маңкурт,
Өзүнөн өзү коркуп,
Кокуй анда мени айтпа кайра келем.
Бүгүн түнү мекениңе алып кетем.
Айтып бүтүп Найман эне жүрүп кетти,
Аңгыча эки жуңжуң жетип келди.
Тигил ким качкан сенин жаныңдагы?
Айткының өлтүрөбүз азыр сени.
Билбеймин, энеңмин деп өзү келди,
Билегим кармап алып ыйлай берди.
Жалган ал энең эмес деп байкушту,
Өлтүргөнү келген сени деп коркутушту.
Алдыгы тебетейиң жулуп алып,
Башыңды кайнак сууга малат деди.
Эх, мыкаачылар маң кылганы аз келгенсип,
Эми келсе аткының деп жааны берди.
Адамзатты айбан кылган макулуктар,
Ардантышып маңкуртту жөнөп кетти.
Аңгыча күүгүм каптап айлананы,
Ай чыкты сүттөй кылып эрме чөлдү.
Элине алып кетем деп эне келсе,
Эссиз уул өз энесин ажал көрдү.
Келет эне уулуна жай бастырып,
Бечараны ажал бол деп шаштырып.
Адамзаттын бул ишинен жийиркенгендей,
Ай да кетти булуттарга жашырынып.
Жоламан, Жоламан деп эне келет,
Жалгызым кайдасың? деп сыздай берет.
Токто! Кагылайын атпа! Атпа! бул мен апаң,
Деген сөздү ээн талаа жутуп кетет.
Тепчилди жебе эне жүрөгүнө,
Термелип ылдый карай кулап барат.
Жоолугу моюн ылдый шыпырылып,
Жомокто куштай болуп сүйлөй учат.
Кулунум, тааныйсыңбы бул мен апаң?
Атың ким? Атың сенин Жоламан.
Атаң ким? Кургурум ай,
Атаңдын аты болсо Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай…
Бул жомок өзөгүмдү өрттөп сөгөт,
Чындыгын ырастап ий бул жомоктун.
Ээн талаа эрме чөлдө апапак куш Дөнөнбайлап учуп жүрөт,
Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай…