Сөзүмдү сүйлөдүм көзүңдү карабай
Чыны мен Гүлсанат жоготкон Танабай
Жан дүйнөң шолоктоп кирпигиң мончоктоп
Сооротконго турдум мен жарабай

Кайырма:

Күтпөс жалганым ай жалгыз калганым ай
Жашоодо өкүнтүп жашытып алганым ай
Мен башка дүнөдө өмүрүм арнайын
Арман арман арман ай

Мен ашып баратсам алтыным кой дечи
Түгөйүм болор деп чынында ой келчи
Антпедиң кыйналдым сен далай ыйладың
Мен сени кой бердим сен мени кой берчи

Бек Борбиев — Жалганым ай тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *