Ата, каныңдан бүткөн баламын,
Кабыл ал айткан саламым.
Көңүлүм канча калса да,
Көзүмдөн учуп карааның.
Көрүнүп “жарк” дей түшсө деп,
Көп зарлап жолуң карадым.
Көргөн бир күнү курсунчу,
Ата, тирүүлөй жетим баланын.
Туягын тулпар кордойбу,
Тууруна туйгун конбойбу?
Бөлүнгөн кайта бириксе,
Бөксөргөн нерсең толбойбу.
Укканың барбы, атаке,
Уясын бузган торгойду?!
Томуктай ошо макулук,
Ата, торгойчо болсоң болбойбу?..
Балалуу көлдүн өрдөгүн,
Баласы үчүн өлгөнүн.
Бүк түшүп өлгөн бала үчүн,
Бүркүттү дагы көргөнмүн.
Асырап бала бакпаган,
Айбандын бирин көрбөдүм.
Жылдыздай жанган балаңды,
Ата, жырткычча неге көрбөдүң?!
Барчын да канат сабалап,
Бала үчүн кылат далалат.
Айланып алыс кете албай,
Ак куу да бала каралап.
Атсаң да болбой, айкырып,
Аюу да коргойт мамалак.
Атаке, сендей боору таш,
Деги адамда кантип жаралат?!
Апам чыгарып күчүн жашка эле,
Чыдамыш болот жакшы эле.
Бир кокуй неме экениң,
Билсечи байкуш башта эле.
Сендеги сырды ал кезде,
Сезбесе керек жаш неме.
Убалдан коркуп койбогон,
Ата, ушунча бооруң таш беле?!
Ар кимден ушак кеп угам,
Башка аял алды деп угам.
Баарынан бирге ойногон,
Балдардан жаман корунам.
Тосушса балдар атасын,
Томсоруп айла жогунан.
Тойпоңдоп чуркап мен деле,
Ата, тосчу эмес белем жолуңдан?!
Турмушта болот салтанат,
Турса да гүлдөп чар тарап.
Ызы-чуу түшүп биздин үй,
Мас болуп баарын талкалап.
Томкоруп тоону келгенсип,
Жатчу элең кээде чалкалап.
Анда да байкуш апакем,
Сенин айыбыңды турчу калкалап…
Боору таш сендей жаралган,
Болбостур деги адамдан.
Айыгар күнүм бар бекен,
Ачышкан жүрөк жарамдан?
Убалдан коркпос жанагы,
Таш жүрөк немең жаңы алган.
Апамдан өйдө көрсөң да,
Кантип анча өйдө көрдүң балаңдан?
Ичине түшүп жалындын,
Ичигиңди далай жамындым.
Сыздатса балдар “жетим” деп,
Сынганын айтпа шагымдын.
Жоготкон деген атасын,
Жогу да менин багымдын.
Жыттатып койчу бир келип,
Атоу, жытыңды абдан сагындым.
Бак-таалай мага мунарык,
Баратат улам тунарып.
Канчалык бүтөт десем да,
Кайгыга кайгым уланып.
Кайгынын жетпей түбүнө,
Кетти окшойт катым чубалып.
Ушунун баарын сен келсең,
Ата, унутпайт белек кубанып…
Султан Садыралиев — 13 жашар баланын арманы тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 4244