Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Сезим кайгысы мени кыйнады,
Сүйөм дей албай жүрөк ыйлады.
Намыс деп жүрүп айта албадым,
Көзүмдөн билип, өзүң туйбадың.
Кайырма:
Махабат башатын мен өзүм баштайын,
Намыс деп уялган оюмдан кайтайын.
Сүйүүмө жете албай армандуу өткүчө,
Арзуумду сезбесең сүйөм деп айтайын.
Жигит сүйүүсү сезимтал болбойт,
Арзуу айтканды тамаша ойлойт.
Тартынып жүрүп канча селкилер,
Сүйүүгө жетпей, бакытка тойбойт.
Махабат мыйзамы жөнөкөй болсочу,
Сүйүүсүн тартынбай билдирип койсочу.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *