Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Көздөрүңдү менден ала качпачы,
Тартынчаактык кыялыңды таштачы.
Бирок жаным сезип турам көзүңдөн,
Сүйөөрүңдү айтчы мага, катпачы.
Кайырма:
Бирок менин айтканыма таарынба,
Сүйүүңдөн адашпагын, жаңылба.
Арнадым сага ырымды,
Сырыңды айтчы, сырыңды.
Кыялыңда эмнелерди ойлойсуң?
Же оюңду ачык айтып койбойсуң.
Чечкиндүүлүк жигиттерге жарашат,
Тартынасың, уяласың койбойсуң.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *