Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Өкүнүп өткөндөргө,
Кусалык жүрөгүмдө.
Сагынып жашап келем,
Зарыгып ак сүйүүңө.
Талпынам бир өзүңө,
Жетсем дейм ал күндөргө.
Алгачкы ак сүйүүнү,
Тутантсак чогуу бирге.
Кайырма:
Жалынамын кайрылып келчи мага,
Сагынамын нур чачкан жылдыз жүзүң.
Жалбарамын жалгыз бир Жараткандан,
Берчи сүйүүмдү кайра мага.
Билинбей мезгил учат,
Убакыт сенсиз сызат.
Ыргалган биздин дарак,
Ый менен муңдуу турат.
Келсеңчи, жаным, эми,
Алоо сүйүү деми.
Өзүңдү жоготсом мен,
Сүйүүнү таш боор деймин.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *