Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Бажырайган жаздын күнүндөй,
Баргансызбы Ошко бир жолу?
Башын ийип назик жүгүнөт,
Мажүрүм тал Оштун символу.
Көктөн келген көрктүү убакта,
Көргөнсүзбү Ошту бир жолу?
Кырк өрүм чач кыздай кылактайт,
Мажүрүм тал Оштун символу.
Күн нуруна назик таранып,
Кылыктанат кыздай миң жолу.
Көлөкөсүн сылайт эрте-кеч,
Мажүрүм тал Оштун символу.
Сагынамын Ошту ар дайым,
Сагынамын жапкан ак нанын.
Ак-Буурага турат жанашып,
Сулайман Тоо Оштун символу.

Один комментарий к “КЫЗ — БУРАК тобу — Мажүрүм тал тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *