Сени сүйүп, ашык болгон кезимден,
Кутулбадым эңсөө деген сезимден.
Бир өзүңсүз баарын кечип кетсем дейм,
Бул жашоодо сага гана берилгем.
Кайырма:
Неге мынча сүйдүм экен сени мен?
Неге мынча бир өзүңө берилгем?
Сени самап, сени сүйүп жүргөмүн,
Сезер белең, сездиң бекен деги сен?
Түштөй болуп өтүп кетер өмүр да,
Түбөлүккө биз жаш бойдон жүрбөйбүз.
Өз колуңда отко айлантып сезимди,
Бул жалганда неге ойноп-күлбөйбүз?
Жалжал кез ай, ак маралдай керилген,
Жомоктогу перисиңби деги сен?
Сен деп согуп, сен деп ыйлайт жүрөгүм,
Сени сүйүп, ашык болгон кезимден.
Кайырма:
NON-STOP дуэти — Жүрөгүм сага тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2258