Арманым көөдөн тепкенде,
Аябай көңүл эзгенде.
Сагынчым сайрап айтамын,
Ата, сен сүйгөн кечтерге.
Кайырма:
Ким түркүк болгон дүйнөгө?
Күйүттөн бүткөн күн беле?
Мүнөткө сени бере албай,
Мөңкүрөйт мүрзө гүл неге?
Убайга уучум толгондо,
Умсунуп куса болгондо.
Жалдырап чыгып караймын,
Ата, сен жүргөн жолдорго.
Жалгыздык жанга батканда,
Жабыгып көңүл азганда.
Жамгырдай келип төгүлгүн,
Ата, сен жаткан жактарга.
Кайырма:
Дайыр Исмадияров — Атаке тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 405