Энекем, энекем, энекем,
Дүйнөдө теңдешки берекем,
Мен дагы дени сак болоюн, ай,
Оорубай жүрө көр сен эсен.
Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың, алыска, ай,
Үйүңдөн узаса карааным.
Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.
Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да, ай,
Кыйкырып алдымдан чыгарым.
Экемир
Апакем дуйнодогу эг сулуу
Бир экен
Апакем Уй саап кородо
Айылды бугун эскерип,
Ак шамдар жаккан кечтерим.
Апакем Уй саап короодо,
Адырдан ойноп кечукелдим.
Туура эмес тааптым