Жамалың күндөй жаркып, нуруң чачып,
Ачылган жаз гүлүндөй жытың аңкып.
Сүйлөгөн, ырдап жаткан үнүңдөн, ай,
Жаткандай торгой сайрап (2 жолу), булбул таңшып.
Сени ойлоп өзүмчө эле убарамын,
Жакшы сөз угуп качан мен кубанамын?
Бул эми жүрөгүмдүн өтүнүчү,
Алтыным, кабыл алчы (2 жолу),
сен суранамын.
Ойдогу кусалыкты кетире албай,
Көргөндө сени тиктеймин көзүмдү албай.
Айсыңбы сен көктөгү, кантип жетем?
Алтыным, кыйнадың го (2 жолу) сен өчүң бардай.
Рустам Сагыналиев — Өтүнүч (folk version) тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 12469
Рустамдын ырлары мага абдан жагат жаны ырларынан укса ку жакшы болот эле
Ката бар экен бирок абдан сонун ыр экен