Көк майсаң көркөм тектирдин,
Гүлдөрүн искеп көп тердиң.
Сыланган сулуу кызгалдак,
Сыймыгы белең көктөмдүн? 2 жолу
Кубанып карап күлүпмүн,
Аралай басып жүрүпмүн.
Көктөмдү сүйгөн кызгалдак,
Күлкүсү белең жигиттин? 2 жолу
Куудуң да кыштын ызгаарын,
Ордуна өстүң муз-кардын.
Көктөмдү сүйгөн кызгалдак,
Курдашы белең кыздардын? 2 жолу
Көктөмдү сүйгөн кызгалдак,
Курдашы белең кыздардын? 2 жолу
Гүлнур Сатылганова — Кызгалдак тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 4542